super.kg logo
  Саясат  

Орто-Токой суу сактагычында учурда 258 миллион метр куб суу бар

 
Орто-Токой суу сактагычында учурда 258 миллион 800 миң метр куб суу бар, былтыркы жылдын ушул мезгилинде суу сактагычтагы суунун көлөмү 313 миллион 4 миң метр куб болгон. Маалыматты 21-январда Айыл чарба жана мелиорация министрлиги билдирди. 
"Демейде Орто-Токой суу сактагычына 470 миллион метр куб суу толуп турчу. Бирок былтыр ал көрсөткүч 17 миллионго чейин түшүп кеткен. Суунун тартыштыгына байланыштуу суунун агып кириши өткөн жылга салыштырмалуу кыйла азайган. Өткөн жылы сугат сууга карата чоң муктаждык июнь жана июль айларында, ошондой эле августтун биринчи он күндүгүндө орун алган",- деп айтылат маалыматта. 
Айта кетсек, Орто-Токой суу сактагычы - Кыргызстандагы эң чоң үч суу сактагычтын бири.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: