super.kg logo
  Саясат  

Кыргызстанда гемофилия менен ооруган 192 жаран бар экени айтылды

 

Кыргызстанда 2015-жылдын январь айына карата гемофилия менен ооруган адамдардын саны 192ни түздү, мунун ичинде 16 жашка чейинки балдар - 93, 16 жаштан жогоркулар - 33, чоң кишилер - 64. Муну бүгүн, 21-январда Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду билдирди. 

"Маалыматтар боюнча, 2014-жылдын ичинде канды уютуучу факторду 116 бейтап алган. Бул канды уютуучу факторду алууга укугу бар оорулуулардын жалпы санынын 92 пайызын түзөт. Анын ичинен бекитилген ченемде 16 бейтап, 24 бейтап белгиленген ченемден ашык алса, 76 бейтап ченемден төмөн алышкан",- деп билдирет мекеме.

Гемофилия - кандын көп агышы менен мүнөздөлгөн тукум куума оору. Кан плазмасында канды уютуучу факторлордун жетишсиздигинен болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: