super.kg logo
  Саясат  

Жоомарт Оторбаев чукул кырдаалдардын алдын алуу үчүн элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлөрүн айтты

 

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев 21-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Кризистик кырдаалдарды башкаруу борборунда болду. Өкмөт башчы божомолдоо, эскертүү берүү, чукул жана кризистик кырдаалдарды бирдиктүү маалыматтык-башкаруу системинин иши менен таанышты жана аталган систем жарандардын коопсуздугун камсыздоо үчүн абдан зарыл экенин белгиледи. 

"Жарандардын коопсуздугун камсыздоо - биздин приоритеттүү милдеттерибиздин бири. Чукул жана кризистик кырдаал учурунда кандай чараларды көрүшү керектигин ар бир жаран билиши шарт. Ошондуктан элге маалыматтык кампания жүргүзүп, тренингдерди өткөрүү зарыл. Атайын роликтерди да көрсөтүү кажет",- дейт Оторбаев.

Өкмөттөн билдиришкендей, элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиевге жана бардык күч органдарына тапшырма берилерин кошумчалады өкмөт башчы. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: