super.kg logo

Ош. Кызамык оорусунун алдын алуу максатында бала бакчаларда күн сайын текшерүү иштери жүрөт

 

21-январда Ош шаарындагы №1-үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда жугуштуу кызамык оорусунун алдын алуу жана ага каршы аракеттер боюнча чукул жыйын болуп өттү. Шаардык билим берүү башкармалыгы кабарлагандай, анда учурда Бишкек шаарында тездик менен жайылып жаткан кызамык оорусу Ош шаарында да катталганы айтылып, бул дартты башкаларга жуктурбоо үчүн бардык билим берүү мекемелери, анын ичинде өзгөчө бала бакчаларда жана мектептерде күчөтүлгөн тартипте иш алып баруу тапшырмасы берилди.

Бардык мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин медайымдары күн сайын ар бир баланы бакчага кабыл алуу алдында текшерүү жүргүзүп турмакчы. Ошондой эле оорунун алдын алуу боюнча көрсөтүлгөн бардык чараларды кынтыксыз аткарып туруу маселеси айтылды. Жыйынга Ош шаардык саламаттыкты сактоо бөлүмүнүн өкүлдөрү, Шаардык санитардык-эпидемиологиялык борборунун дарыгерлери, Билим берүү башкармалыгынын жетекчилиги жана калаадагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун дарыгерлери, бала бакчалардын медайымдары катышты.

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: