super.kg logo

Бишкекте Чолпонбек Базарбаевдин мааракесине арналган жыйынтыктоочу иш-чара өткөрүлөт

 

7-8-февраль күндөрү Бишкектеги А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында СССРдин Эл артисти Чолпонбек Базарбаевдин 65 жылдык мааракесине карата уюштурулган иш-чаралардын жыйынтыктоочу аземи өткөрүлөт.

Ч.Базарбаевдин коомдук фондунан билдиришкендей, иш-чара 7-февралда П.Чайковскийдин “Ак куу көлү” спектакли менен башталып, 8-февралда Орусия, Куба, Казакстан жана Кыргызстандын эл аралык сынактардын лауреаттарынын катышуусунда гала-концерт болот.

Ч.Базарбаев 1949-жылы Нарын облусуна караштуу Кочкор районунун Кум-Дөбө айылында туулган. 1959-жылы Фрунзедеги М.Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайына тапшырган. 1967-жылдан 1968-жылга чейин Москва академиялык хореографиялык орто окуу жайында тажрыйба алмашууга барып, окуп келген. Жыл сайын балет классикасынын отуздан ашуун спектаклдеринде ойногон. Алар: П.Чайковскийдин “Ак куу көлү”, А.Адандын “Жизель”, У.Мусаевдин “Томирис”, Петрушканын “Петрушка” жана башкалар. 2002-жылы автокырсыктан көз жумган.

Ч.Базарбаев Ч.Айтматов атындагы Эл аралык сыйлыктын, Япониянын “Мин-Он”, Казакстандын “Алтын копре”, “Ленин комсомолу” сыйлыгынын лауреаты, АКШнын бир катар шаарларынын “Ардактуу атуулу” сыяктуу көптөгөн наамдарга ээ болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: