Дамира Ниязалиева рэкет, суициддин алдын алуу үчүн мектептерге адам укуктары боюнча сабак киргизүүнү сунуштады




Вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева мектептерге окуучулар үчүн адам укугу боюнча сабак киргизүүнү сунуштады. Муну ал бүгүн, 22-январда Билим берүү жана илим министрлигинин жетекчилиги менен болгон жыйынында билдирди.
Анын айтымында, тарбиялоого көбүрөөк убакыт бөлүү керек. “Мектеп окуучуларынын өзүн өзү өлтүрүү фактылары катталып жатат. Рэкет, зордук-зомбулук фактылары да көп. Бул терс көрүнүштүн алдын алуу үчүн окуучуларга адам укуктары боюнча сабак киргизүү зарыл. Ар бир бала мыйзам жана укук бузуулар боюнча кабардар болуп, өз укуктарын коргой алышы керек”,- деди вице-премьер-министр.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.