super.kg logo

Дамира Ниязалиева электрондук китептерди чыгарууну тездетүүгө чакырды

 

"Кыргызстанда электрондук китептерди чгарууну тездетиш керек",- деди бүгүн, 22-январда Билим берүү жана илим министрлигинин жетекчилиги менен жолугушуусунда вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева.

Анын айтымында, учурда мектеп окуучуларынын 70 пайызы гана китеп менен камсыздалган. "Бул маселени электрондук китептерди чыгаруу менен чечсе болот. Бул багытта иш жүрүп жатат. Бирок аны тездетиш керек. Азыркы тапта 2-3-класстардын окуучулары үчүн гана мындай китептер чыккан. Керектүү механизмди колдонуп, калган окуучуларды да электрондук басылмалар менен камсыздаш керек",- деди Ниязалиева.

Мындан тышкары ал балдарга билим берүүчү телеканал Чүй облусунда гана көрсөтүлгөндүгүн баса белгиледи. "Эртең мен бул телеберүүнүн жетекчилиги менен жолугушуу өткөрөм. Телеканалды жалпы өлкө боюнча көрсөтүүнү талкуулайбыз",- деп толуктады вице-премьер-министр.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: