super.kg logo
  Саясат  

Вице-премьер-министр: "Ар бир жеке бала бакчада медицина кызматкери болушу керек"

 

Бүгүн, 22-январда вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева Билим берүү жана илим министрлигинин жетекчилиги менен жолугушуусунда бала бакча маселесин көтөрдү.

"Акыркы 5 жылдын ичинде бала бакчалардын саны 1,5 эсе өскөн. Учурда балдардын 16,5 пайызы мектепке чейинки мекемелерде тарбияланышат. Эгер өлкөнүн экономикалык абалын эске алсак, бул жакшы көрсөткүч. Ошол эле учурда бала бакчалар толуп калууда. Айрым мекемелерде бир керебетте экиден бала жатат. Биз жеке бала бакчалардын санын көбөйтүп, аларда кабыл алынган стандарттардын аткарылышын унутпашыбыз керек. Балдардын ата-энелери тарабынан оорулар боюнча арыздар түшүүдө. Мындан улам ар бир жеке бала бакчанын штатында медициналык кызматкер бар болушу керек",- деди Ниязалиева.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: