super.kg logo
  Саясат  

Эрмек Мамыркалиев Транспорт жана коммуникация министрлигинин статс-катчысынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды

 
Эрмек Мамыркалиев Транспорт жана коммуникация министрлигинин статс-катчысынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Тийиштүү жарлыкка премьер-министр Жоомарт Оторбаев кол койгонун 22-январда аталган министрликтен кабарлашты. Айта кетсек, министрликтин буга чейинки статс-катчысы Максатбек Дыйкановго кылмыш иши козголуп, 2014-жылдын июль айында камакка алынган. Ал "коррупция" жана "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери боюнча айыпталууда. Ага козголгон кылмыш иши сотко өткөрүлгөн. 
Э.Мамыркалиев:
Туулган жылы - 1963-жыл, 11-декабрь.
Туулган жери - Бишкек шаары.
Улуту - кыргыз.
Билими - жогорку, Москва жогорку техникалык университетин, Кыргыз  улуттук университетин аяктаган, адистиги - инженер-механик, юрист.
Билген тилдери - кыргыз, орус, англис. 
Буга чейин транспорт жана коммуникация министринин кеңешчиси болуп иштеп келген.    





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: