super.kg logo

Аида Салянованын кызматына кайтып келүүсүн талап кылып чогулган митингчилерден анын тууганы митингди токтотууну өтүндү

 

Аида Салянованын кызматына кайтып келишин талап кылган тарапташтары бүгүн да Ак үйдүн жанына митингге чыгышкан. Аларга Аида Салянованын тууганы Калый Салянов келип жолукту. Бул тууралуу бүгүн, 22-январда SUPER.KG порталына митингдин катышуучулары билдиришти.

Маалыматка ылайык, митингдин катышуучуларына келген Калый Салянов башкы прокурорлук кызматынан кеткен Аида Салянованын атынан аны колдогону үчүн ыраазычылык билдирип, бирок мындан ары митингге чыкпоосун өтүнгөн. Андан соң чогулгандар тарап кетишти.

Эске салсак, башкы прокурордун кызматына кайра келишин талап кылгандар кечээ, 21-январда да митинг өткөрүшкөн. Бирок ал митинг натыйжасыз болуп, башкы прокурор Аида Салянованын кызматтан кетүүгө жазган арызы Жогорку Кеңеште каралып, ага 57 депутат “макул”, 18 депутат “каршы” деп добуш берген. Ал эми бүгүн, 22-январда президент Алмазбек Атамбаев аны негиз кылып, Салянованы кызматтан алуу боюнча буйрукка кол койду.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
22.01.2015. 13:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жон эле спектакльда беш алты адамды сатып келип,митингди Калый Салянов уйуштурган менин ойумча ушинтсем апчем иштеп калат анан жанагындай былык иштерими жабат деп бирок андай болбой калды.
22.01.2015. 14:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кетсинчи Аида Салянова классташым,уйдо эле тамак аш кылып балдардын кирин жууп,жылуу печканын жанында бала чакасы менен олтурган эле жакшы ушундай суукта.
22.01.2015. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы эле болсун баары ...
22.01.2015. 15:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Салянова АШАнын робот куурчагы болду,жапканын жаап,ачканын ачып.Эл деп иштеген эр азаматтарды чекеден куугунтука алышты.Бироого орду казышты, Эми ошол орго оздору тушот,коро жатаарбыз.
22.01.2015. 15:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аша менен эмнени болушо албады экен???бир четинен кеткени жакшы болду
22.01.2015. 17:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен да митингке барайын десем такыр кол бошобой калды жумуштардан
22.01.2015. 22:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Митинкте келген эли журт Мелис Мырзакматовдой болот анан кала эле беш алты адамды чогултушуп эли колдойм десе иштегенин билсе миндеп чыгышат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: