super.kg logo
  Саясат  

Балдардын укуктарын коргоо үчүн Балдар, Үй-бүлө кодекстерине өзгөртүү киргизүү демилгеленүүдө

 
"СССР маалында “Бардыгы балдар үчүн!” деген ураан бар эле. Бүгүнкү күндө балдарды коргоо жаатында мыйзамдар, өкмөттүк эмес уюмдар көп. Бирок балдарга болгон зордук-зомбулук барган сайын күч алууда". Мындай пикирди бүгүн, 22-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Карамат Орозова сунуштады. Депутат азыркы тапта КРнын Балдар кодексине, Үй-бүлө кодексине, Кылмыш-жаза кодексине тиешелүү түзөтүүлөрдү киргизүү зарылдыгын белгиледи. Ошону менен катар балдардын укуктарын коргоо жаатында өкмөттүк деңгээлде Координациялык кеңеш түзүүнү да сунуштады.
Айта кетсек, өлкөдө балдарга зомбулук көрсөтүү фактыларынын көбөйүшүнөн улам балдарды кордогондорго өлүм жазасын колдонуу демилгеси көтөрүлүүдө. КРнын Конституциясына ылайык, адамдарды өлүм жазасына тартууга жол берилбейт. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: