Мелис Турганбаев: “Милициянын жакшы иштеши жергиликтүү коом үчүн абдан маанилүү”





Бүгүн, 22-январда Жалал-Абад шаарында жаңы милиция бөлүмү ачылды. Мэриядан билдиришкендей, иш-чарага облустагы мамлекеттик органдардын жана эл аралык коомчулуктун өкүлдөрү, милиция кызматкерлери жана тургундар катышты.
Ички иштер министри Мелис Турганбаев: “Милициянын жакшы иштеши жана жашоого коопсуз чөйрөнүн камсыз кылынышы биздин жергиликтүү коом үчүн эң маанилүү”,- деп белгилесе, шаар мэри Салайдин Авазов: “Мындай имараттын курулушу эл менен укук коргоо органдарынын ортосундагы байланышты күчөтүп, тыгыз байланышта иштөөсүнө шарт түзөт. Жаңы имарат элибиздин жакшылыгына кызмат кылсын”,- деди.
Маалыматка таянсак, имараттын курулушуна 4,7 миллион сом жумшалган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
2

Комментарийлер(1)
kursantbek

22.01.2015. 15:11
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кудай кааласа ушул имаратка барып иштейм)))
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.