Кожобек Рыспаев: "Айылдарда иш орундары толтура, бирок кадрлар жок"
ЖКнын 7-февралдагы жыйынында депутат Кожобек Рыспаев өлкөдө дарыгерлер жетишпей жатканын айтты.
“Жыл сайын Бишкектеги ЖОЖдордун медицина факультеттеринен көптөгөн жаш дарыгерлер даярдалып чыгат. Бирок өлкө аймактарында дарыгерлер жетишпейт. Жаш адистер кайда? Азыр айылдарда иш орундары толуп жатат, бирок кадрлар жок”,- деди эл өкүлү.
Депутаттын айтымында, жаш дарыгерлерди ишке орноштуруу үчүн атайын программа иштеп чыгыш керек.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:58
2025-06-25

14:29
2025-06-25

11:43
2025-06-25

Рейтинг:
0

