super.kg logo

Нарында 2015-жылы жылуулук керектөөчүлөрдүн саны артат

 

20-январда Нарында Райондор аралык жылуулук өндүрүштүк бирикмесинин жылдык отчёту жана 2015-жылга карата иш планы угузулду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, аталган бирикменин карамагында 22 откана иштейт (20 откана электр энергиясы, 2 откана көмүр менен иштейт). Нарын райондук жылуулук менен камсыздоо ишканасы 82 көп кабаттуу үйдү, 31 менчик үйдү, республикалык бюджеттеги 19 мекеме-ишкананы, жергиликтүү бюджеттеги 17 мекеме-ишкананы, 4 башка керектөөчүлөрдү жана 1565 абонентти жылуулук менен камсыз кылат. 2014-жылы 22 отканада оңдоп-түзөө, жараксыздарын алмаштыруу, от жагуу мезгилине даярдыктарды көрүү, 2014-2015-жылдагы жылуулук сезонуна карата керектелүүчү 2700 тонна көмүр отунун 2014-жылдын 27-октябрына карата 100 пайыз тартып келүү жана башка иштер жүргүзүлдү. Мэриянын буйругунун негизинде 2014-жылдын 27-октябрынан тартып шаардын калкына жылуулук бериле баштады.

Жылуулугу жок көп кабаттуу турак үйлөрдү жылуулук системине кошуу, абоненттердин жылуулукка болгон карыздарын өндүрүү, Городок аймагындагы коомдук мончонун жанына салынып жаткан бассейндин курулуш иштерин апрель айына чейин бүткөрүү, жылуулук берүү ишканасынын административдик имаратын кеңейтүү жана башка милдеттер иш планга киргизилери белгиленди.

Жыйынтыгында жылуулук берүү ишканасынын аткарылган иштери боюнча жылдык отчётун шаар мэри канааттандырарлык деп таап, жамааттын ишине ийгиликтерди каалады.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: