super.kg logo
  Саясат  

Президент башкы прокурорлукка Индира Жолдубаеваны сунуштады

 
Индира Жолдубаева
Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын башкы прокурору кызматына Индира Жолдубаеванын талапкерлигин сунуштады. Сунуш парламентке жиберилгенин президенттик аппараттан 22-январда билдиришти. Айта кетсек, президенттин жарлыгы менен Аида Салянова бүгүн башкы прокурорлуктан бошотулду.  
Индира Жолдубаева:

1979-жылдын 11-апрелинде Бишкек шаарында төрөлгөн.

2002-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин бүтүргөн.

Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси.

Эмгек жолу:

2002-жылдын май айынан 2003-жылдын март айына чейин - "Сорос-Кыргызстан" коомдук фондунун "Калктын аз камсыз болгон катмарына юридикалык жардам" долбоорунун юрист-консультанты;

2003-жылдын март айынан 2005-жылдын май айына чейин - "Манас" Эл аралык аэропорту" ААКсынын жетектөөчү юрист-консультанты;

2005-жылдын август айынан 2006-жылдын ноябрь айына чейин - “Компаньон" каржы тобу” МККсынын юристи;

2006-жылдын ноябрь айынан 2008-жылдын март айына чейин - "ДЭКА" ЖАКынын аткаруучу директору, юристи;

2008-жылдын март айынан 2009-жылдын февраль айына чейин - Кыргыз Республикасынын Президентинин администрациясынын укук бөлүмүнүн сот органдары секторунун эксперти;

2009-жылдын февраль айынан 2009-жылдын ноябрь айына чейин - Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын укуктук саясат бөлүмүнүн укуктук анализ жана экспертиза секторунун башчысы;

2009-жылдын ноябрь айынан 2010-жылдын август айына чейин - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун орун басары;  

2010-жылдын декабрь айынан 2011-жылдын декабрь айына чейин - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппаратынын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы;

2011-жылдын декабрь айынан ушул күнгө чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: