super.kg logo

Жалал-Абад. Роза Отунбаеванын катышуусунда мектептердин абалы, бала бакча ачуу маселеси талкууланды

 

Бүгүн, 22-январда Жалал-Абад облустук администрациясынын жыйындар залында Кыргызстандын мурдагы президенти Роза Отунбаева менен райондук администрациялардын акимдери, билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери, бала бакчалардын башчыларынын жана тургундардын катышуусунда жыйын болду. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Жыйында мектептерде тамактанууну жакшыртуу, мектепке чейинки даярдыктан өткөн балдардын санын арттыруу максатында жайлоо бала бакчаларын уюштуруу тууралуу маселелер каралды.

Маалыматка караганда, Кыргызстанда 450 Жайыт комитети болсо, 450 бала бакча түзүлүшү керек. Анын ичинен 100гө жакын Жайыт комитети Жалал-Абад облусунда экени айтылып, жайлоого чыгып жаткан балдарды да карап, бала бакча ачуу керектиги айтылды. Коом үчүн билим берүү маселеси өтө маанилүү экендигин белгиледи Р.Отунбаева.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: