super.kg logo
  Саясат  

"Депутат Урмат Аманбаева ден соолугуна байланыштуу сот процессине катыша албайт" дейт анын жактоочусу

 
Урмат Аманбаева
Жогорку Кеңештин депутаты Урмат Аманбаева 23-январда Бишкектин Октябрь райондук сотунда өтчү сот процессине катыша албайт. Муну 22-январда SUPER.KG порталына депутаттын жактоочусу Нургазы Сыдыков билдирди. Анын айтымында, Аманбаева операциядан кийин өзүнө келе албай жатат. "Ден соолугу начар болууда, ошон үчүн ишке чыкпай жатат да. Ден соолугу жакшырса, балким, мындан кийинки сот отурумдарына катышышы мүмкүн. Врачтар азырынча кардарымдын дарылануудан өтүп турушу керектигин айтышууда",- деди Сыдыков.
Эскерте кетсек, Урмат Аманбаевага Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши ачылган. "Коррупция" беренеси менен айыпталып жаткан депутат мамлекетке 17 миллион 263 500 сом зыян келтиргени айтылууда. Депутат Ош облусундагы Кургак учук менен күрөшүү борборунун башкы эсепчиси болуп турганда мыйзамсыз иштерди жасаганы маалымдалган. Бирок депутат өзүнө козголгон кылмыш ишин негизсиз деп эсептейт жана тагылып жаткан айыптарга макул эмес.  





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: