super.kg logo
  Саясат  

Өмүрбек Суваналиев: "Аида Салянованын чет өлкөгө чыгып кеткени айтылууда, парламент андан отчёт алууга жараган жок"

 
"Экс-башкы прокурор Аида Салянованын чет өлкөгө чыгып кеткени айтылууда". Мындай пикирди SUPER.KG порталына мурунку ички иштер министри Өмүрбек Суваналиев 22-январда билдирди. Анын айтымында, башкы прокурордун кызматтан кетиши - саясий оюн. 
"Президенттин парламенттеги өкүлү "Салянова кызматтан кетүүгө өз каалоосу менен арыз жазды" деп жатат. Буга ишенүү кыйын, башкы прокурордун отставкага кетишинин себеби белгисиз бойдон калды. Алмазбек Атамбаев башында "Салянова эмгек өргүүсүндө, жакында ишке чыгат" деп билдирүү жасап, аягында мунусу жалган болуп чыкты. Президент Саляновага Манас орденин берем десе, ал келбей койду. Манас ордени көчөдө жаткан наам эмес да... Мындан көп өтпөй анын күйөөсүн кылмыш ишине шектүү кылышты, көрдүңүзбү? Эми экс-башкы прокурордун чет өлкөгө чыгып кеткени ар кайсы булактар аркылуу айтылууда",- дейт Суваналиев.
Экс-министр башкы прокурордун отставкага кетишине байланыштуу Жогорку Кеңешти күнөөлөдү.
"Аида Салянованын отчётун укмайынча отставкага кетирбейбиз" деген бир да принципиалдуу депутат чыкпады. Башкы прокурор парламентке отчёт берүүгө милдеттүү, бирок парламент депутаттары аны көрбөй туруп кетиришти. Мурунку өкмөттөр отчёт бербей кантип отставкага кетип жүрүшсө, мында да ушундай болду. Бул деген саясий кризис, мамлекеттик башкарууда тартиптин жоктугу, баш аламандык",- деди Суваналиев. 
Суваналиев ким башкы прокурор болуп келсе да, кызматтык функциясын өз алдынча аткара албай турганын, анткени өлкөдө бардык иш бир адамдын каалоосуна жараша чечилип калганын кошумчалады. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: