“Жди меня” арыздарды кабыл алат
“Жди меня” берүүсүнүн Кыргызстандагы
жардамчысы Салтанат Адылбек кызы: “Башында биз Москвадан жөнөтүлгөн тизме
боюнча адамдарды издейбиз деп ойлогонбуз. Бирок көптөгөн мекендештерибиз чет
өлкөдө жоголуп, дайыны билинбей жүргөн туугандарын издеп жатышканын айтып
чалышууда. Өлкө ичинде эле бири-бирин издеп жүргөндөр да көп экен. Мындан улам атайын акция иретинде андай арыздарды да кабыл алуу менен аларды “Жди меня” берүүсүнүн
сайтына жайгаштырууну чечтик”,- деди.
Автор: Эльвира Караева
Издөөгө арыз таштоочулар (0312) 660424 телефон номуруна чалып, билдирүү калтыра алышат.
Эскерте кетсек, Орусиянын Биринчи каналында көрсөтүлүүчү "Жди меня" программасы жаз айларында Бишкекке келип, өз долбоорунун алкагында иш-чаралардын өткөрүлүүсү пландалган. Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:13
2025-11-05
19:43
2025-11-05
17:12
2025-11-05
14:32
2025-11-05
10:57
2025-11-05
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















