Каржы министрлиги: 2015-жылы кошумча нарк салыгынын болжолдуу суммасы 37 миллиард сом
Кыргызстанда 2015-жылы кошумча нарк салыгынын болжолдуу суммасы 37 миллиард 81 миллион 700 миң сомду түзөт. Каржы министрлиги 22-январда билдиргендей, бул былтыркы суммадан 1 миллиард 406 миллион 900 миң сомго көп.
"2015-жылы импорттук продукцияга КНС 2014-жылдын бекитилген бюджетине карата 4 пайызга же 105 миллион 200 миң сомго өсүү менен 25 миллиард 840 миллион сом өлчөмүндө белгиленген. 2015-жылы ички продукцияга кошумча нарк салыгынын божомолдонгон суммасы 2014-жылдын бекитилген көрсөткүчүнө карата 13,1 пайызга же 1 миллиард 301 миллион 700 миң сомго өсүү менен 11 миллиард 241 миллион 700 миң сом деп бааланууда",- деп билдирет министрлик.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

