super.kg logo

Садык Шер-Нияз: "Курманжан датка" тасмасынын интернетке чыгып кетиши - ачыктан-ачык уурулук"

 

"Курманжан датка" тарыхый тасмасы интернеттеги социалдык тармактарга тарап кетти. Маалыматты бүгүн, 23-январда аталган фильмдин режиссёру Садык Шер-Нияз SUPER.KG порталына ырастады. 

Режиссёр учурда Лос-Анжелесте фильмдин эл аралык сынактарга көрсөтүлүшү менен алектенип жүргөн. Садык Шер-Нияз: "Бул кыргыз кинематографиясы үчүн өтө жагымсыз, орунсуз жана кейиштүү окуя. Мамлекет үчүн дагы. Муну ачыктан-ачык уурулук деп эсептейм. Анткени биз бул фильмди чет элде жарнамалоо үчүн аябагандай зор каражат жумшадык. Дүйнөлүк чоң дистрибуциялык компаниялар менен ондогон сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. "Мына эми биринчи жолу Кыргызстандын фильмин татыктуу сатууга болот" деп ишенип калганбыз. "Айтыш-фильм" бул үчүн 10 миллион сомдон ашык каражат жумшап, фильмибизди эл таанып, чет элдик сатуулардан мамлекетибизге бери жагы 20 миллион сом түшөт деп үмүттөнүп отурганда, каракчылар бизди ушинтип кашайтып отурушат",- деди.  

Кыргыз кинематографиясы өнүгүп келе жатканын белгилеп: "Эми ушул "пираттар" уурулуктан эмне табышарын түшүнбөйм. Кыргызстандын фильми чет элди тамшандырып, дагы дүйнө кыдырса, андан баарыбыз утат элек да. Күндө кыргыз кинолору Голливуддун кинолоруна татыктуу туруштук берип жатканын баарыбыз көрүп жатабыз. Эгерде "пираттар" менен күрөшпөсөк, анда кыргыз кинематографиясынын тамырына балта чабылып калышы мүмкүн. "Курманжан датка" боюнча эми бизде бир эле жол бар деп ойлойм. Фильмди 23-Февралга же 8-Мартка карата телевидениеден элге көрсөтүшүбүз керек, эл дагы жапырт көрсүн, ал оюмду да айттым, министрлик чечет деген пикирдемин",- деди. 

Эске салсак, "Курманжан датка" тасмасынын бет ачары Бишкекте 2014-жылы 31-августта болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(29)
23.01.2015. 09:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Каракчылык чет жаштагы сынактарда болгон эмеспи. Мисалы ошол жактарда коюп жатканда запис кылып алчу аппарат бардыр. Анан чон мелдешке чыга албай кылсын деп, интернетке жайып жибериши мумкун.
23.01.2015. 09:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эмнеси болсо да биз кордук.Аябай сонун,жогорку денгээлде тартылган кино экен.Бизге окшогон ммгранттар коро албайт эле да болбосо.ким киргизсе да рахмат!
23.01.2015. 12:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
uulay,кайсы сайттан корсо болот
23.01.2015. 10:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу киного 70 миллион каражат жумшалды деп айтышты эле го??? Режиссёр кайсы 10 миллионду айтып жатат?
23.01.2015. 10:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
RNA78, "Айтыш-фильм" чет элдик сатуулар үчүн (Америкага, Россияга, Кореяга, Түрцияга чыгаруу үчүн) 10 миллион жумшадык деп атат. Тартууга 70 миллион сом кеткен.
23.01.2015. 10:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
aikow92,Рахмат жообуна
23.01.2015. 10:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ууру алыстан келмек беле оздорунун эле айланасындагылар жасашы мумкун, коро албастары же.....
23.01.2015. 10:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
men keche internet bulaktarynan kordum ele...oilogom azur chygarbasa kerek ele dep...korso wluundardyn kulgan iwi tyrbaiby...Rejiserdun kulgan meeneti tekke ketiptir..
23.01.2015. 10:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жогорку сапаты менен эле жуктоду го,Менимче "пираттар" эмес эле оздорунон эле бироо таратып жиберди. Кинотеатрдан тартылган эмес, же кинотеатр кызматкерлери жуктогон болушу мумкун
23.01.2015. 10:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Буну мен кара пиар деп ойлойм. "Салам Нью-Йорк" тасмасы да озуно ушинтип пиар кылган.
23.01.2015. 10:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Эмнеси болсо да туура эмес кылыптыр. Бирок,акча кетти дейт канча миллиондогон,эми ошол акчалар баары элдин акчалары болсо керекда. "Суунуку сууга,суттуку сутко"деген создор бекер эместир. Бироонун акчасы бироого буйрубайт. Демек элдин акчасы ,элдин озуно кайра кайтыптыр да.
Nurmuhammad түзөттү 23.01.2015 10:48
23.01.2015. 11:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Эмнесине кейийт, кассадан акча тушпой калат деппи??? мамлекетке акча тушмок дегенин кара
23.01.2015. 11:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жаман болуптур пираттарды жазалаш керек
23.01.2015. 12:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коро албастык деген нерсе кыргыздын канына синген да. Эгер кое турушса Кыргызстан деген мамлекет дагы бир тепкичке которулмок го
23.01.2015. 12:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кинотеатрларды козомолдосо жакшы болмок, ошол жактан тарап жатпайбы.
23.01.2015. 12:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмнеси болсо да эл корот да. Элден эмнеге аяшат. Кино тартылганына коп эле болду жакшы эле киреше табышса керек.
23.01.2015. 12:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Анан каякта экен бул тасма интернетте. Тараса тарай турган деле убакыт келди го. Кинотеатрдан корбогон адам деле калбады го. Буга чеин барбагандар эми деле барбайт.
23.01.2015. 13:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайсыл сайттан корсом болот мен таппай койдум.
23.01.2015. 14:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кино аябай жакшы тартылыптыр бирок ляптарга кыйлале байкен пираттык эмес эле оригиналы жуктолгон го
Модератор admin_portal түзөттү 23.01.2015 14:09
23.01.2015. 14:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да таппай жатам.бирок бироонун мээнетин да баалаш керек да.
23.01.2015. 16:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен кече лентадан коруп бул кино эмне мынча тез чыккан деп ойлогом. Акчасын бат эле актап койгон окшойт деп тан калган элем корсо иш биякта экенда . Мен ээми коруп баштадым.
23.01.2015. 17:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Уруу озулорунон эле чыккан. Табылган пайданы тен болушпой койсо керек режиссер озу. Ичи куйгонунон жумушчулардын бироо жуктоп салды да.
23.01.2015. 17:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кайсы сайтан корсо болот айтып койгулачы сураныч
23.01.2015. 19:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
одноклассниктен кордук,ким жуктосо дагы чооон рахмат,
23.01.2015. 21:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Менин оюмча оздору эле тараткан. Садык Шер чет олкодо журуп жыйынтык чыгара албады.эч сыйлыка татыбады эч Ким сатып албады.ошол себебтен Фильмдин баркын тушурбош учун таратышкан.
24.01.2015. 01:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мен кордум [moderated]тан ен сонун тартылыптыр
25.01.2015. 03:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Телевидениеден да берип туруш керек эле заранее реклама кылып,эми интернетке тарап кеткенден кийин пландарыбыз бар болчу дебей!!!
29.01.2015. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бизда однодон эле кордук уурдалганга окшобойт оригиналын эле жуктошуптурго
31.01.2015. 18:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Tasmany mamleket karjylagan son, butun Kyrgystandga beker korsotulushu kerek ele...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: