Кочкор-Чаек унаа жолунда жол кырсыгы катталып, 1 жүргүнчү каза тапты
Кочкор-Чаек унаа жолунда жол кырсыгы катталып, 1 жүргүнчү каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 23-январда КРнын Ички иштер министрлигинин Жол-кайгуул кызматынан билдиришти.
Автор: Мальвина Уметбекова
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 22-январда саат 10:30 чамасында болгон. ХОВО үлгүсүндөгү унааны башкарып бараткан 24 жаштагы Аскар аттуу жаран каршы тилкедеги УАЗ үлгүсүндөгү унаа менен сүзүшкөн. Натыйжада УАЗ үлгүсүндөгү унаанын 42 жаштагы Айнура аттуу жүргүнчүсү оор жаракаттардан улам аймактык ооруканадан каза тапты. Учурда бул жол кырсыгы боюнча чогултулган материалдар аймактык тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилип, иликтөө иштери жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.