Данияр Нарымбаев: "Аида Салянова коррупция менен күрөшүүдө эч нерседен тайманбай иштеди"
"Мурдагы башкы прокурор Аида Салянова боюнча жаман сөздөрдү айтпашыбыз керек",- деп билдирди президенттин аппарат башчысы Данияр Нарымбаев. Аппарат башчы бул тууралуу Жогорку Кеңештин "Республика" фракциясынын 23-январдагы жыйынында билдирди. Салянова мамлекет үчүн бир топ жакшы иштерди жасаганына токтолуп, буларды кошумчалады: "Жакшы иштерди жасап берди. Өзүңүздөр көрдүңүздөр, коррупция менен күрөшүүдө өтө олуттуу иштерди аткарды. Эч нерседен тайманбай иштеди".
Автор: Жамалидин Парманкулов
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
-1

