Жалал-Абад шаарындагы жоокердин өлүмү боюнча тергөө амалдары жүрүүдө
Жалал-Абад шаарындагы 10-жаза аткаруу мекемесиндеги жоокердин өлүмү боюнча тергөө амалдары жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 23-январда Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя өткөн жылдын 31-декабрында болгон. Анда катардагы А.И. аттуу жоокер кокусунан автоматтан ок чыгарып, Т.Б. аттуу жоокерди атып алган. Анын кесепетинен жабырлануучу ооруканага жетпей каза тапкан. Учурда бул боюнча кылмыш иши козголуп, ишти Аскер прокуратурасы тергөөдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.