super.kg logo
  Саясат  

"Электр жана почта байланышы жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү кирди

 
Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев "Электр жана почта байланышы жөнүндө" КРнын мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" мыйзамга кол койду. Документ Жогорку Кеңеш тарабынан 2014-жылдын 17-декабрында кабыл алынган. 
Мыйзамда бир мамлекеттин электр байланыш операторлорунун электр байланыш тарамдары менен башка мамлекеттин электр байланыш операторлорунун электр байланыш тарамдарынын ортосундагы Кыргызстандын электр байланыш операторлорунун тарамдары аркылуу кандай гана болбосун туташуусун туюндурган “трансчекаралык-транзиттик туташуу” түшүнүгү киргизилет.

Телекоммуникация рыногунда инвестиция салууга жол ачуу жана ишкердикке жагымдуу шарттарды түзүү максатында мыйзамдын 16-беренесине киргизилген жаңы жобого ылайык, Кыргызстанда башка өлкөлөрдөн айырмаланып байланыш операторлоруна бир эле мезгилде байланыштын жылып турма дагы, фиксацияланган дагы кызматтарды көрсөтүүгө тыюу салуу алынып салынат. Колдонуудагы жобо бизнести кеңейтүү боюнча ишкердиктин мүмкүнчүлүктөрүн олуттуу чектеген жана байланыштын түрлөрүн конвергенциялоо процессине тоскоолдук кылган.

Мындан тышкары “Электр жана почта байланышы жөнүндө” КРнын мыйзамы жаңы 34¹-берене менен толукталат. Ага ылайык, Кыргызстандын чек арага жанаша аймагында Кыргызстандын мамлекеттик чек арасын кесип өтүүдө байланыш линияларын куруунун, эксплуатациялоонун жана тейлөөнүн, анын ичинде кабелди төшөөнүн жана линиялык-кабелдик курулмаларды куруунун, байланыштын линиялык-кабелдик курулмаларында курулуш жана авариялык-калыбына келтирүү иштерин жүзөгө ашыруунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: