super.kg logo
  Саясат  

Индира Жолдубаева, башкы прокурорлукка талапкер: "Аида Салянованын жолун улантпайм, өзүмдүн жолум бар"

 

“Мурунку башкы прокурор Аида Салянованын жолун улантпайм, менин өзүмдүн жолум бар,- деп билдирди башкы прокурорлукка талапкер Индира Жолдубаева парламенттеги “Республика” фракциясынын 23-январдагы жыйынында.

Депутаттар “Аида Салянова баштап кеткен иштер улантылабы?” деп суроо беришти.

“Аида Жеңишбековна өтө оор мезгилде иштеди жана өтө көп иштерди аткарды. Бирок парламентке отчёт бербей кеткени боюнча эч нерсе айта албайм, бул ал кишинин жеке чечими. Эгер колдоп берсеңиздер, менин өзүмдүн жолум бар. Мен мыйзамдын негизинде гана иш алып барам”,- деди Жолдубаева. 

Талапкер азырынча өзүнүн пландары жок экенин кошумчалады. “Мен азырынча ишти эмнеден баштаарымды пландай элекмин. Прокуратуранын ишин иликтеп, анан чечим кабыл алам”,- деди Жолдубаева. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: