Кара-Суу районунда каракчылыкка шектелген эки жаран кармалды
Кара-Суу районунда каракчылыкка шектелген эки жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен бүгүн, 23-январда билдиришти. Маалыматка караганда, 22-январь күнү милиция кызматкерлерине 35 жаштагы тургун кайрылган. Анда ал 21-январь күнү белгисиз адамдар ага кол салып, 15 миң сом акчасын, эки уюлдук телефонун тартып алышканын айткан. Ошондой эле анын колу-бутун байлап, унаанын багажнигине салып белгисиз тарапка багыт алышкан. Май куюу үчүн токтогондо жабырлануучу качып чыгып, милицияга кабар берген. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 27 жана 28 жаштагы эки жаран кармалган. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.