super.kg logo
  Саясат  

Кыргызстанда жол-эксплуатациялык техника менен жабдуу долбоору боюнча макулдашуу ратификацияланды

 

Президент Алмазбек Атамбаев "2014-жылдын 31-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргызстандын өкмөтү менен Япония Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) ортосундагы Ош, Жалал-Абад жана Талас облустарын жол-эксплуатациялык техника менен жабдуу долбоору боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" мыйзамга кол койду.

Документ Жогорку Кеңеш тарабынан 2014-жылдын 17-декабрында кабыл алынган.

Мыйзамга ылайык, Кыргызстандын Каржы министрлиги Япония Эл аралык кызматташтык агенттигине (JICA) Кыргызстан тарабынан жогоруда көрсөтүлгөн гранттык макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор аткарылганы жөнүндө кабарлоого милдеттендирилди.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: