КСДП фракциясы башкы прокурорлукка Индира Жолдубаеванын талапкерлигин жактырды
Парламенттеги КСДП фракциясы башкы прокурорлук кызматка сунушталган Индира Жолдубаеванын талапкерлигин 23-январда карап, жактырды. Анын талапкерлигин депутаттарга президенттик аппараттын жетекчиси Данияр Нарымбаев тааныштырды. Буга чейин Жолдубаеваны "Республика" фракциясы да колдоп берген. Эми кийинки аптада Жогорку Кеңештин комитеттери карайт. Андан кийин жалпы жыйында каралып, жактырылса, аны кызматка бекитүүгө президент кол коймокчу. Жолдубаеванын талапкерлигине депутаттардын үчтөн экисинин макулдугу керек.
Автор: Жамалидин Парманкулов
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

