super.kg logo

Азербайжан Кыргызстанга 5 өрт өчүрүүчү унаа тапшырды

 

Азербайжандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине АЦ-40 үлгүсүндөгү 5 өрт өчүрүүчү унаа тапшырды. Бул тууралуу бүгүн, 23-январда КРнын ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Азербайжан тарап буга чейин эки өлкөнүн министрликтеринин башчылары бекиткен келишимдердин негизинде ушундай жардам көрсөтүүдө. "2014-жылдын 5-июнунда Азербайжандын Габала шаарында өткөн эл аралык жыйында өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов Азербайжандын министри Кямаледдин Гейдаров менен эки тараптуу жолугушуу өткөргөн. Анын жыйынтыгында кадрларды даярдоо, техникалык жардам көрсөтүү боюнча келишимдер макулдашылган. Тактап айтканда, кыргыз тарапка 10 өрт өчүрүүчү унаа берүү боюнча келишим бекитилген. 5 унаа тапшырылды, ал эми калган 5 унаа 2015-жылдын ичинде берилиши күтүлүүдө",- деп билдирди басма сөз кызматы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
23.01.2015. 16:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мамлекетке уятко 10 даана машина сатып алалбаса чондордун минген машинасынын бироосу мындай машинанын экоосунун акчасы,эмне биздин жашообузга башкалар камкордук корууго милдеттуубу?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: