Индира Жолдубаева башкы прокурорлукка талапкер: "Бойдокмун, балдарым жок"

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясы 23-январда башкы прокурорлукка сунушталган Индира Жолдубаеванын талапкерлигин карап, ага бир нече суроолорду беришти. Депутаттар анын мурдагы башкы прокурор Аида Саляновадай чечкиндүү иштээрине мүмкүнчүлүгү жетерин айтышты. Эл өкүлү Алла Измалкова талапкердин жеке турмушуна кызыгып, "Сиз турмушка чыккансызбы, балдарыңыз барбы?" деп сурады. Жолдубаева "бойдокмун, балдарым жок" деп жооп берди. Талапкер учурда 35 жашта экенин кошумчалады.
Автор: Жамалидин Парманкулов
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

