super.kg logo
  Саясат  

"Республика" фракциясы өкмөттүн "Таза суу" долбоору боюнча ишин "канааттандырарлык эмес" деп тапты

 

Жогорку Кеңештин "Республика" фракциясы 23-январдагы жыйынында "Таза суу" долбоору боюнча насыялык каражаттардын максатсыз пайдаланылышы жана анын кесепеттери жөнүндө маселени талкуулады.  

Жыйында "Таза суу" долбоорунун негизинде донорлор 110 миллион доллардай насыялык каражаттарды берип, бирок алардын жарымы максатсыз пайдаланылганы айтылды. Долбоордо 1000 айылды таза суу менен камсыз кылуу пландаштырылса, иш жүзүндө 545 айыл гана таза суу менен камсыз болгон.  

Долбоорго сарпталган каражаттардын максатсыз пайдаланылышы жана мыйзам бузуулар боюнча күч органдары тарабынан 107 кылмыш иши козголуп, мамлекетке 52 миллион сом зыян келтирилген.

Жыйынтыгында фракция мүчөлөрү өкмөттүн долбоорду ишке ашыруудагы аракетин "канааттандырарлык эмес" деп тапты. Андан сырткары Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында кароо чечимин кабыл алышты. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: