super.kg logo

Якутияда 21 жаштагы кыргызстандык "кытай улутундагы 51 жаштагы аялды токмоктогон" деп шектелүүдө

 

Орусиянын Якутск шаарында 21 жаштагы кыргызстандык жаран кытай улутундагы 51 жаштагы аялды токмоктогондугу боюнча шектелүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 23-январда Якутиянын ИИМине шилтеме берүү менен орусиялык басылмалар жарыялашты.

Маалыматтарга ылайык, аял ур-токмоктон набыт болгон. "Анын сөөгү ресторандын жанынан табылган. Денесинде ур-токмоктун издери бар экени аныкталган. Мындан тышкары анын белинен ылдыйкы бөлүгү ачык, ал эми ички кийими бир аз чечилгени байкалган. 

Сурак учурунда кылмышка шектүү жаран кылган ишин түшүндүрө алган жок. Бирок окуянын кандай болгондугун ырааттуу айтып берип, күнөөнү өз моюнуна алууда. Ал жашылча сатуучу дүкөндө жүк ташуучу болуп иштегендигин айткан. Жакында ал психиатр менен сүйлөшүү өткөрөт. Учурда убактылуу кармоочу жайда отурат.

Аталган факты боюнча "ден соолукка атайылап оор залал келтирип, өлүмгө алып келүү" беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон",- деп жазышты басылмалар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
25.01.2015. 00:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Канчалык чын тогун экени белгисиз бирок бул жерде аран жургон мекендештерге жаман залалы тийип жатат ушуга окшогон окуялардын.Эл учун зээн кейийт.Мындай окуялардан оолак эле журолучу бир туугандар.Элибизди,ата энелерди,жерибизди ойлоп мекенибиз кутуп тураарын эстен чыгарбай ар намысыбызды бекем сактайлычы бийик((((((((
25.01.2015. 06:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
якутия чон республика именно кайсы шаарында экенин толугураак жазып кетсениздер сураныч
25.01.2015. 06:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кечиресиздер мен жакшы тушунбой калыптырмын,биздин шаарда экен.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: