super.kg logo
  Саясат  

КСДП фракциясы коомдук жайларда чылым чегүүгө тыюу салуу демилгесин жактырды

 

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясы 23-январдагы жыйынында коомдук жайларда чылым чегүүгө тыюу салууга багытталган мыйзам долбоорун 2-окууда жактырды. Ал үчүн Салык кодексине, Административдик жоопкерчилик тууралуу кодекске, "КРнын жарандарынын саламаттыгын тамекинин зыянынан коргоо жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү зарыл.

Демилгечи депутат Дастан Бекешев салык салуу чылым чегүүнү азайтуунун механизмдеринин бири экенин айтты. "Салык кодексине 2015-2017-жылдар аралыгында чылымга карата акциздин базалык бөлүгүн акырындык менен көтөрүү демилгеси сунушталууда. Андан сырткары 2015-жылдан тарта жөнөкөй белгиленген ставкага өтүү демилгеси көтөрүлүп жатат",- деди Бекешев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: