Белгилүү окумуштуу Батма Кебекова дүйнө салды

22-январда Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун жетектөөчү илимий кызматкери, филология илимдеринин кандидаты, белгилүү окумуштуу Батма Кебекова узак оорудан кийин дүйнө салды. Бул тууралуу бүгүн, 23-январда Улуттук илимдер академиясынан билдиришти.
Автор: Динара Абдыкадырова
Б.Кебекова Кемин районунун Чоң-Кемин айылында 1935-жылы туулган. 1950-жылы Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык окуу жайын, 1954-жылы Кыргыз педагогикалык институтун, 1957-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин аспирантурасын аяктап, 1964-жылы "Кыргыз совет аңгеме жанрынын өсүш жолдору" деген темада кандидаттык диссертациясын Москвадан ийгиликтүү коргогон. Ошол мезгилден бери илимий ишмердигин кыргыз фольклористика илиминин өсүшүнө, акындар чыгармачылыгын изилдөөгө арнаган көрүнүктүү илимпоз болгон.
Б.Кебекова "Курманбек эпосунун варианттары", "Эр Табылды" эпосунун идеялык-көркөмдүк өзгөчөлүгү" , "Кедейкан" эпосунун идеялык-көркөмдүк өзгөчөлүгү", "Азыркы кыргыз адабияты" жана башка фундаменталдуу эмгектерге авторлош болуп, кыргыз адабият таануу илиминин методологиялык базасын түзүүгө зор эмгек сиңирген. Б.Кебекова фольклордук экспедицияларга катышып, эл арасынан элдик оозеки чыгармалардын түрдүү жанрдагы бай мурастарын, акындардын чыгармаларын жыйнап, аларга текстологиялык иш жүргүзүп, жарыялап келген. Ал 1990-жылдан баштап фольклор жана акындар поэзиясы бөлүмүн жетектеп, жаш кадрларды даярдоого зор салым кошкон. Анын жетекчилиги менен 6-7 изденүүчү кандидаттык диссертация коргогон.
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты кыргыздын атактуу илимпозу Батма Кебекованын көз жумганына байланыштуу анын үй-бүлөсүнүн жана жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:26
2025-08-04
12:56
2025-08-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(3)
windom

23.01.2015. 16:27
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бейиши болсун!
Akmosha

24.01.2015. 00:57
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
windom, кошулам,жайы жаннаттан болсун.
kg.sity93

24.01.2015. 04:17
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери бейиште болсун!
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.