super.kg logo
  Саясат  

Асия Сасыкбаева менен Түркиянын Кыргызстандагы элчиси кыргыз-түрк парламенттеринин мамилесин бекемдөөнү талкуулашты

 
Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Асия Сасыкбаева бүгүн, 23-январда Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Метин Кылыч менен жолугушту. Жолугушууда Сасыкбаева Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда жылуу мамиле түзүлгөнүн белгиледи. Ал Кыргызстандын ЕКПАнын «демократия боюнча өнөктөш» статусуна ээ болушуна кошкон салымы үчүн Европа кеңешинин Парламенттик ассамблеясынын мурдагы эксперт-баяндамачысы, Түркия Улуу Улуттук жыйынынын депутаты Мевлют Чавушоглуга ыраазычылык билдирди.

Метин Кылыч эки өлкө ортосундагы, анын ичинде эл аралык уюмдардын алкагында эки өлкө ортосундагы кызматташтык алакаларды арттырууга өз салымын кошууга даяр экенин билдирди.

Мындан тышкары тараптар Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда парламенттер аралык байланыштарды чыңдоо жаатында да пикир алышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: