Сокулук районунда бир катар уурулук жана каракчылык фактысына шектелген эки жаран кармалды
Сокулук районунда бир катар уурулук жана каракчылык фактысына шектелген эки жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 23-январда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, кармалган жарандар Сокулук районунун аймагында катталган 3 уурулук, 2 каракчылык фактысына шектелүүдө. Алар баалуу делген буюмдарды алып кетишчү. Учурда 23 жана 19 жаштагы эки жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.