Борбордо уурулук фактысына шектелген жаран кармалды
Борбор калаада "коомдук унаадан уюлдук телефон уурдаган" деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 23-январда Бишкек ШИИББинен билдиришти. Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 36 жаштагы Т.Б. аттуу жаран кайрылган. Анда ал белгисиз жаран коомдук унаадан анын чөнтөгүнөн "Самсунг" үлгүсүндөгү телефонун уурдап кеткенин айткан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 22 жаштагы Бишкектин тургуну кармалды. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.