super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев Сауд Арабиянын падышасынын каза болгонуна байланыштуу көңүл айтты

 

Бүгүн, 23-январда президент Алмазбек Атамбаев Сауд Арабиянын падышасы Салман бин Абдель Азиз аль-Саудга Сауд Арабиянын падышасы (мурункусу) Абдулла бин Абдель Азиз аль-Сауддун каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты.

Мамлекет башчынын телеграммасында Абдулла бин Абдель Азиз аль-Сауд залкар мамлекеттик ишмер жана саясий лидер катары анын бүткүл дүйнөгө зор кадыры жана урматы бар болгондугу белгиленет. “Ал Сауд Арабиясын даанышмандык менен башкарып, аны араб жана ислам мамлекеттеринин саясий жана экономикалык лидерине айлантып, бүгүнкү күндө мусулман өлкөлөрүнүн ортосундагы тилектештикти бекемдөө ишинде, дүйнөдөгү тынчтыкты жана ынтымакты камсыз кылууда алдынкы орунга чыгарды”,- деп белгиленет көңүл айтууда.

“Улуу даражалуу падыша Сауд Арабияга жасаган расмий иш сапарымда мени менен жолугушуу өткөрүп, эки өлкөнүн ортосундагы ынак достук мамилелерди бекемдөөгө чоң салым кошуп, өнөктөштүктү жогорку жаңы деңгээлге көтөрүүдөгү анын жекече эмгеги биз үчүн баа жеткис болуп эсептелет”,- деп уланат телеграмма.

Мамлекет башчы кыргызстандыктар Сауд Арабиянын элинин азасын тең бөлүшөрүн белгилеп: “Ыйманы саламат болуп, Жараткан ага бейиштен орун берсин”,- деп билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: