"Шериктештик Кубогу-2015": Кыргызстан жаштар курамасы Тажикстанды 3:1 эсебинде утуп алды

















Бүгүн, 23-январда "Шериктештик Кубогу-2015" мелдешинин алкагында чейрек финалда утулуп калган командалар өз ара 5-орун үчүн беттеш өткөрүшүүдө. Алгач Орусия жаштар курамасы Казакстанды 3:0 эсебинде утуп алды. Андан соң Кыргызстан жаштар курамасы Тажикстан менен кез келип, 3:1 эсебинде утту. Кыргызстандыктарга эсеп артыкчылыгын алып келген голдорду Мирбек Акматалиев, Абай Боколеев жана Тамирлан Козубаевдер киргизишти.
Автор: Максат Кудайбердиев
Эреже боюнча, чейрек финалда утулган 4 команда 5-8-орун ээлерин өз ара ойноп аныкташат. Эми алгачкы оюндарын утуп чыккан Кыргызстан менен Орусиянын жаштар курамасы 5-орун үчүн өткөрүшсө, утулуп калган Казакстан менен Тажикстан 7-орунду талашышат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Алга Кыргыз алга!!!