super.kg logo
  Саясат  

Сауд Арабия падышасынын сөөгү жерге берилди

 
Падышанын сөөгү өлкө борборундагы шаардык Аль-Ауд күмбөзүнө жерге берилди.
2005-жылы бийликке келген Сауд Арабиянын 6-падышасы Абдулла Сауд Арабия королдугун түптөгөн Абдель-Азиз королдун отуз жети уулунун он үчүнчүсү болгон.

22-январда 91 жашында каза болгон Сауд Арабиянын падышасы Абдулла бин Абдель Азиз аль-Сауддун сөөгү 23-январда жерге берилди. Коштошуу зыйнаты Эр-Рияд шаарындагы мечиттердин биринде өтүп, падышанын сөөгү өлкө калаасындагы Аль-Ауд күмбөзүнө коюлду. Аны акыркы сапарга узатуу иш-чарасына бир катар мусулман мамлекеттердин башчылары, АКШ делегациясы жана миңдеген жергиликтүү тургундар катышышты. 

Маалыматка таянсак, падыша Абдулла менен расмий коштошуу зыйнаты 24-январда өтмөкчү. Ага Орусиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведев да катышары күтүлүүдө.

2005-жылы бийликке келген Абдулла акыркы айларда өпкөнүн сезгенүү илдетине чалдыгып, ооруканада дарыланып келген. Ага бир нече жолу операцияны жасалганы маалымдалды. 

23-январда анын 79 жаштагы иниси, такка отурган жаңы падыша Салман ибн Абдул-Азиз аль-Сауд ант берди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: