Саламаттыкты сактоо министри кызамык оорусунун күчөшүн ЮНИСЕФтин өкүлү менен талкуулады
Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев 24-январда ЮНИСЕФтин өкүлү Юкиэ Мокуо менен жолугушту. Жолугушууда уюмдун өкүлү өлкөдө кызамык оорусунун күчөп жатышына тынчсызданганын билдирип, илдетке каршы күрөшүүгө жардамдашууга кызыкдар экенин айтты. Министр Батыралиев Юкиэ Мокуого активдүүлүгү жана оорунун жайылып кетишине каршы күрөшүүгө катышуу ниети үчүн ыраазычылык айтып, профилактика, калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө кызматташууга даяр экенин кошумчалады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

