super.kg logo
  Саясат  

"Урмат Аманбаеваны депутаттык мандаттан ажыратуу чечими мыйзамсыз" дейт анын жактоочусу

 

"Урмат Аманбаеваны депутаттык мандаттан ажыратуу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими мыйзамсыз". Муну бизге 24-январда Аманбаеванын жактоочусу Нургазы Сыдыков билдирди. Сыдыков БШКнын бул чечими боюнча сотко арызданарын кошумчалады. "Мыйзамда депутаттын жеке ишкердик менен алектенүүсүнө тыюу салган норма жок. Буга байланыштуу мандаттан ажыратууга болбойт",- дейт жактоочу. Борбордук шайлоо комиссиясы 23-январда Жогорку Кеңештин депутаты Урмат Аманбаеваны мандаттан ажыратуу чечимин кабыл алган.

Аманбаеванын КРнын Конституциясын жана “Жогорку Кеңештин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамды одоно бузуу менен депутаттын ыйгарым укуктарына туура келбеген иштер менен алектенгени үчүн мандаттан ажыратуу сунушун буга чейин Башкы прокуратура сунуш кылган эле.

Эскерте кетсек, Урмат Аманбаевага Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши ачылган. "Коррупция" беренеси менен айыпталып жаткан депутат мамлекетке 17 миллион 263 500 сом зыян келтиргени айтылууда. Депутат Ош облусундагы Кургак учук менен күрөшүү борборунун башкы эсепчиси болуп турганда мыйзамсыз иштерди жасаганы маалымдалган. Бирок депутат өзүнө козголгон кылмыш ишин негизсиз деп эсептейт жана тагылып жаткан айыптарга макул эмес.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: