super.kg logo
  Спорт  

"Шериктештик Кубогу-2015": 5-орун үчүн болгон беттеште Кыргызстандын жаштар курамасы Орусияга утулуп калды

 

Кечээ, 25-январда Орусиянын Санкт-Петербург шаарында 12 мамлекеттин 21 жашка чейинки курама командаларынын катышуусунда "Шериктештик Кубогу-2015" мелдеши жыйынтыкталды. Мелдештин акыркы күнүндө 11-орун, 9-орун, 7-орун, 5-орун жана 3-орун, ошондой эле 1-орун үчүн беттештер өттү. Жыйынтыгында Эстония жаштар курамасы Литваны утуп (2:1 эсебинде) 11-орунду ээлесе, 9-орунду Молдова менен Латвия талашты. Жыйынтыгында 1:1 эсеби катталып, пенальтилер сериясында молдовалыктар 6:5 эсебинде жеңип чыгышты. Ал эми Казакстан жаштар курамасы 2:0 эсебинде тажикстандыктарды утуу менен 7-орунду камсыздаса, 5-орунду Кыргызстан менен Орусия жаштар курамалары талашышты. Бул оюнда 3:1 эсеби катталып, орусиялыктар жеңишке жетишишти. Орусиянын курамынан Алексей Курзенев 2 гол киргизсе, дагы бир голду Евгений Кирисов өз эсебине жаза алды. Ал эми кыргызстандыктардан жалгыз голду Акрамжон Умаров киргизди. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
26.01.2015. 09:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы кудайга шугур деш керек.6-орун деле Кыргызстан учун жакшы жыйынтык.Эми ушу бойдон алдыга гана аракет кылыш керек.
26.01.2015. 10:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Орусиянын үчүнчү голун эсептегени туура болдубу же кандай деп ойлойсуздар? Менимче дарбазачыны түртүп жиберди.Ийгилик кыргызым.Ыраазычылык билдирем биздин футболчуларыбызга
26.01.2015. 18:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Бизден өзбек бала киргизиптир э голду?Эми курамага орустарданда кошуш керек,жакшы ойношотко кыргызстандык орустар деле.
26.01.2015. 18:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Askarchik9 караштырып жазсан кыргыз балдар деле озун ачып отурган жок
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: