Бишкекте 2014-жылы туризмди өнүктүрүүгө салым кошкондор сыйланышты













Бишкекте КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Туризм департаменти 2014-жылдын жыйынтыгын чыгарып, "Kyrgyz tourism awards-2014" аземин өткөрдү. Бул тууралуу аталган министрликтен бүгүн, 26-январда билдиришти.
Автор: Динара Абдыкадырова
Маалым болгондой, Кыргызстандагы туризмди өнүктүрүүгө, чет элдик туристтерди тартууга чоң салым кошуп, Кыргызстандын туристтик өлкө катары даңазаланышын камсыз кылган мыктыларды сыйлоо аземи КРнын Вице-премьер-министри Д.Ниязалиева, КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри А.Максүтов, ЖКнын депутаттарынын жана бир катар чет элдик коноктордун катышуусунда өттү. Вице-премьер-министр Д.Ниязалиева Кыргызстандагы туризм маанилүү тармак экенин белгилеп, экономикага бараандуу киреше тартууга жөндөмдүү экенин айтып өттү. Тандоо "Мыкты мейманкана", "Мыкты конок үйү", "Мыкты тур-оператор", "Мыкты долбоор", "Мыкты донор" жана башка номинациялар боюнча жүрдү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:26
2025-08-04
12:56
2025-08-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Rifle

26.01.2015. 10:29
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Орел и решка программанын окулдорун тосуп алгандарды да сыйлап коюш керек, Кыргызстанды уят кылганы учун.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.