Бакыт Төрөбаев өлкөдөгү зыяндуу заттар көмүлгөн жайлардагы коопсуздук маселесин көтөрдү
Бүгүн, 7-февралдагы ЖКнын жыйынында депутат Бакыт Төрөбаев Кыргызстандагы заяндуу заттарды көмүүчү жайлар тууралуу маселе көтөрдү. Анын айтымында, өлкө аймагында мындай жайлардын саны 92ни түзөт.
“Нарын облусунун Миң-Куш шаарчасында Туюк-Суу деген зыяндуу калдыктарды көмгөн жай бар. Бул аймакта жыл сайын жер көчкү жүрүү коркунучу жаралып келет. Мындай кооптуу жерлер өлкөдө көп”,- деди депутат. Эл өкүлү өкмөт бул боюнча чара көрүш керектигин эскертти.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:13
2025-11-05
19:43
2025-11-05
17:12
2025-11-05
14:32
2025-11-05
10:57
2025-11-05
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















