Жогорку Кеңештин делегациясы Европарламенттин жыйынына катышуу үчүн Страсбург шаарына учуп кетти
Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Асия Сасыкбаева баштаган делегация Европа кеңешинин Парламенттик ассамблеясынын кышкы сессиясынын ишине катышуу үчүн Страсбург шаарына учуп кетти. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди. Сессия 25-30-январь аралыгында өтөт.
Делегация курамында депутаттар Элмира Иманалиева, Нурбек Алимбеков бар.
Парламенттик делегациянын сессияга катышуусу Кыргызстандын ЕКПАнын "демократия боюнча өнөктөш" статусуна ээ болушунун алкагында пландаштырылган.
Айта кетсек, Кыргызстан аталган статусту 2014-жылы алган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

