super.kg logo

11 жыл бою дайынсыз жүргөн кыргызстандык жаран табылып, ага депортациялоо сунушталганда, өзүн өзү өлтүрүүгө даяр экенин айткан (фото)

 

Жумуш издөө максатында Кыргызстандын аймагынан чыгып, акыркы 11 жыл бою дайынсыз жүргөн кыргызстандык жаран Муса Маматов табылды. Бул тууралуу бүгүн, 26-январда SUPER.KG порталына Орусиянын Бурятия Республикасынын Улан-Удэ шаарындагы кыргыз диаспорасынын кеңешчиси Алымбек Абжамилов билдирди.

Анын айтымында, М.Маматовду Улан-Удэнин Железнодорожный районунун Миграция кызматынын инспекторлору мас болуп жүргөн жеринен табышкан. "Учурда аны Кыргызстанга депортациялоо максатында документтерин даярдап жатабыз. Бирок ага мекенине жөнөтүү жөнүндө айтканыбызда, кызынын көзүнчө "Кетпейм, асынып өлөм!" деген. Акыры аны кете турган кылдык. Жакында ал бөлүштүрүү борборуна жөнөтүлөт. Андан соң мамлекеттин эсебинен Ош шаарына чейин депортацияланат",- деди диаспора өкүлү.

Эскерте кетсек, өткөн жылдын ноябрь айында 11 жыл бою дайынсыз жүргөн кыргызстандык Маматов Муса Карабаевич тууралуу маалымат чыккан. Ал 1964-жылы 13-февралда туулган, апасы Оштун Жапалак айылында борбордук мечиттин артында жашайт. М.Маматовдун айтуусу боюнча, апасы Калбү 84 жашта. Биринчи аялынан 2 уулу жана экинчи аялынан 1 кызы бар. Уулдары Данияр 24 жашта, Орозбек 22 жашта, кызы Аяна 19 жашта. 
Анын Бурятияда селсаяктар менен тентип жүргөндүгү да айтылган. Мекендештерибиз аны биринчи аялы менен сүйлөштүргөндө, ал айымды сөгүп, "кызымды тапмайынча мага чалба" деген. Андан соң Муса Маматов токойго жумушка кетүүнү көздөп, акыркы эки ай ичинде кайда экени белгисиз болгон. Диаспора өкүлдөрү менен байланышка чыккан анын кызы Аяна атасын издеп, өзү жашап жаткан Красноярск шаарына алып кетем деген.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(9)
26.01.2015. 11:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушул адамдын тагдырын өтө начар болду го. КРга кайтса жакшы жакка өзгөрүп кетмек беле
Баары жакшы болуп кетсин
26.01.2015. 11:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ошто деле арак бар, келип ичип жүрө берсин. Эмнеси болсо да өз эли жери.
26.01.2015. 12:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Олом деп коркутса керекда.Биздин жердешибизда 14жылда атасын таап алып кетти уйуно тынч еле.Бул кишини мынча хит кабар кылдынар......
26.01.2015. 12:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
baba., биздин мекендешибиз го акыры. мындайлар канчоо жүрүшөт. менин агам да темселеп жүрүп бишкекке кайтып аман-эсен. ушундай болуп кетсе экен
26.01.2015. 13:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оштогу уйу мечиттин артында экен,мумкун уйундо жатып мечиттке келген адамдарды коруп алдыга онолуп кетээр.
26.01.2015. 13:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Конуп калса керек да ,селсаяк болуп
26.01.2015. 19:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул бир адамдын тагдыры.Канча деген бир боорлорубуз,оокатын айынан барышып,ар кандай тагдырдын айынан селсаяк болуп журушот.Изилдесе абдан коп дешет.Алардын тагдыры эмне болот.
26.01.2015. 23:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бары жакшы болуп кетсин ыйман берсин өз мекенибизге эле кайтсын
27.01.2015. 10:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чачтары агарып кетиптир
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: