Депутаттар тендерлердин өтүшү боюнча Айыл чарба жана мелиорация министрлигин сындашты
"Техникалык базасы жок үрөн чарбаларын тендерлерге катыштырбоо керек". Мындай сунушту депутат Мамытбай Салымбеков Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитетинин 26-январдагы жыйынында айтты. Анын билдиришинче, үрөн чарбалардын жоопкерчиликсиз иш жасап жатканына Айыл чарба жана мелиорация министрлиги күнөөлүү.
“Керектүү техникасы жок үрөн чарбалары тендерден утуп алып, эптеп эле иш жасашат. Анын айынан дыйкандар запкы жеп жатышат. Чарбалар түшүмдү жыйнап барып өткөрүшсө, анысы тазаланган эмес. Министрлик чара көрүп, мүмкүнчүлүгү жок үрөн чарбаларын жоюп салгыла”,- деди депутат.
Депутат Эркингүл Иманкожоева жоопкерчиликти ала албаган үрөн чарбаларды жазага тартууну сунуштады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

