Акыркы суткада өлкөдө 14 өрт кырсыгы катталып, Таластагы үйлөрдүн биринен 0,5 тонна койдун жүнү күйүп кетти

Жарандык коргонуунун
Өрткө каршы күрөшүү кызматынын маалыматы боюнча, республиканын аймагында
14 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 14 өрт өчүрүү бөлүмү
тартылган. Бул тууралуу бүгүн, 26-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Автор: Мальвина Уметбекова
Панфилов районуна караштуу 1-Май айылындагы үйлөрдүн биринде өрт кырсыгы
катталды. Өрттүн кесепетинен 35 чарчы метр
бастырманын чатыры, 120 түк саман толугу менен күйүп кетти. Учурда өрттүн
келип чыгуу себеби такталууда. Ошондой эле Талас районуна караштуу
Кырк-Казык айылындагы үйлөрдүн биринен өрт чыкты. Анын кесепетинен үйдүн жер
төлөсүндөгү 500 килограмм койдун жүнү күйүп кетти. Өрттүн келип
чыгуусуна электр жабдууларын куроодогу эрежелердин бузулушу себеп
болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.